Мартта үч күн катары менен эс алабыз дедиңер беле? Эмгек министринин жообу
RU

Мартта үч күн катары менен эс алабыз дедиңер беле? Эмгек министринин жообу

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

7-мартта боло турган иш күнү 5-мартка жылбайт. Бул тууралуу Kaktus.kg редакциясына Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинен билдиришти.

Мындан мурун 7-мартты 5-мартка жылдыруу каралып жатат деп айтылган. Ошондо беш күндүк график менен иштегендер 6-, 7-жана 8-мартта катары менен эс алышмак. Бирок эмгек министрлиги билдиргендей, 7-мартты жылдыруу токтомунун долбоору жаңы жылга чейин эле сунушталганына карабастан министрлер кабинети январдагы эс алуу күндөрүн гана бекитип беришкен.

Ошону менен 8-март майрамдык күн болуп, 7-мартта иш күнү бир саатка кыскартылат.

Министрлер кабинети бир нече күндүн ичинде 7-марттагы эс алууну жылдырып коюшу мүмкүнбү деген суроого ведомство "жок" деп жооп берди. Эс алуу күнүн жылдыруу долбоору коомдук талкууга бир айга коюлушу керек болчу, деп белгиледи.

"Андан тышкары, эмгек министрлиги 1-9 май күндөрүн дем алыш кылууну сунуштаган. Бул маселеге дагы бир ирет кайрылышыбыз мүмкүн. Май аында жума ичин бөлүштүрөбүз. Анын үстүнө, майдын башы Орозо айтка туш болуп калат экен. Мында да алдын ала майрам күндөрдү жылдырууну ойлонуу керек", - деп министрликтен айтып беришти.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5751