Эльвира Сурабалдиева: Аялга уттуруп коюу оор болуп жатат
RU

Эльвира Сурабалдиева: Аялга уттуруп коюу оор болуп жатат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Алдын ала жыйынтыктар боюнча Эльвира Сурабалдиева Жогорку Кеңешке депутат болуп өттү. Ал 9 225 добуш алса, анын атаандаштары кыйла аз добуштарды чогултушкан.

Сурабалдиева Twitter'деги баракчасына ишенимдүү жеңиши боюнча пост жазган.

"Утулуп калгандардын чыр салганы түшүнүктүү эле, аялга уттуруп жиберүү оор да. Өзгөчө 2020-жылдын октябрь айында үйүндө жашынып алып, жылуу диванын кучактап жаткандарга. Жеңүүчү ар дайым айкөл болуп, деңгээлин тагдырына таарынып, добуштарды сатып алгандар менен кайым айтышууга чейин түшүрбөшү керек", деп жазган.

Эске салсак, кечээ, 27-февралда Жогорку Кеңешке Биринчи май жана Свердлов райондору боюнча кайра шайлоо өткөн. Кол менен эсептөөлөр боюнча Биринчи май районунда Эльвира Сурабалдиева, ал эми Свердлов районунда Абдурахманхаджи Муртазалиев жеңүүчү болуп чыкты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5754