Зеленский Россия менен сүйлөшүүлөр тууралуу билдирди. Урунттуу учурлар
RU

Зеленский Россия менен сүйлөшүүлөр тууралуу билдирди. Урунттуу учурлар

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Украинанын президенти Владимир Зеленский Россия тарап менен сүйлөшүүлөр боюнча кайрылуу жасады. Meduza президенттин сөзүндөгү урунттуу учурларды келтирди.

Зеленскийдин кайрылуусундагы негизги учурлар

Сүйлөшүүлөр: биз айрым сигналдарды алдык. Жакында делегация Киевге кайтып келет, биз экинчи раундду кандай өңүттө өткөрөбүз, ошону аныктайбыз.

Аткылоо менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү синхрондоштуруу көрүнүп турду. Россия кысымга алууга аракет жасап жатат, бирок биз мындай тактикага каршыбыз.

Чыныгы сүйлөшүүлөр бир тарап экинчи тарапты ракета менен чабуул салбай турганда гана жүргүзүлүшү мүмкүн.

Украинада согуш башталгандан бери 56 ракета атылып, 113 канаты бар ракета чыгарылган.

Харьковду аткылоо - аскер кылмышы, ал жерде бир да аскер объектиси жок. Россия кайсы тарапка атып жатканын билген.

Дүйнө жүзүндөгү бардык деңиз порттор жана аэропорттор Россияга кирүүгө тыюу салып, россиялык товарлардан баш тартуусу керек. Алардын товарын сатып алуу - адамдарды өлтүрүүгө акчасын төлөп берүү дегендик.

Эске салсак, кечээ Украина менен Россиянын ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн биринчи раунду Белорусияда өттү. Кийинки жолугушуусу Белорусия менен Польшанын чек арасында жакынкы күндөрү болот.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5757