Украинадагы кырдаал Кыргызстанга жана мигранттарга кандай таасирин тийгизет?
RU

Украинадагы кырдаал Кыргызстанга жана мигранттарга кандай таасирин тийгизет?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Саясий серепчи Эмил Джураев Украинадагы кырдаал Кыргызстанга жана кыргыз мигранттарына кандай таасирин тийгизе турганын Facebook баракчасынан айтып берди.

Анын айтымында, Кыргызстан Россияны колдош керек, деген позиция туура эмес. Себеби бул ал жерде иштеп жүргөн эмгек мигранттарына таасирин тийгизбейт. Украинадагы аскердик операция узакка созулганы Россиянын экономикасын кризиске кептейт. Ошондо мигранттар мекенине кайтып келүүгө аргасыз болот.

"Россияда иштеп жүргөн миллиондогон мигранттарыбыз эмгек акысын албай калуу коркунучу бар. Алар кара терге түшүп иштегени менен баары бир жергиликтүү калкка салыштырмалуу азыраак маяна алышат. Мигранттар Россияны минип алган жери жок, алардын иштегени РФтин экономикасына жана коомчулугуна пайдалуу. Биздин жарандар тынч мезгилде деле көп запкы жеп келишкен. Кыргызстан Россиянын эң берилген тарапташы болгон күндө деле мигранттарга мамиле мурунку бойдон калат", - дейт Эмил Джураев.

Эске салсак, 24-февралда Россия Украинада аскер операциясын баштаган. Бул региондун экономикасына терс кесепетин тийгизе турган өзгөрүүлөргө алып келүүдө. Доллардын курсу кескин кымбаттап, рубль төмөн түшүп кеткен.

Айрым маалыматтарга ылайык, Россияда 700 миңге чукул кыргызстандыктар иштейт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5759