Кыргызстанда 1-март адвокаттардын кесиптик майрамы катары бекитилди
RU

Кыргызстанда 1-март адвокаттардын кесиптик майрамы катары бекитилди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Министрлер кабинети Юстиция министрлигинин демилгесин колдоп, 28-февралдагы токтому менен 1-мартты жыл сайын белгиленүүчү кесиптик майрам – Кыргыз Республикасынын адвокаттардын (жактоочулардын) күнү катары бекитти.

Юстиция министрлигинин басма сөз кызматы бүгүн Кыргызстанда адвокаттык кесиптин түзүлгөнүнө 97 жыл болгонун тактады.

Изилденген архивдик документтерге ылайык, 1925-жылдын 1-мартында Кара-Кыргыз Автономиялуу облусунун аймагында биринчи жактоочулар (адвокаттар) коллегиясы иштей баштаган. 1925-жылдын 1-мартында үч адамдан турган биринчи жактоочулар коллегиясы түзүлгөн. Ал кезде адвокаттар коллегиясы облустук соттун системасына кирген. 1925-жылдын 4-мартында Кара-Кыргыз Автономиялуу областынын облустук сотунун алдындагы адвокаттар коллегиясынын облустук өзөгүнүн биринчи уюштуруу жыйыны болгон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5763