Зеленский Кыргызстандагы жана Грузиядагы элчилерин чакыртып алат. Эмне үчүн? (видео)
RU

Зеленский Кыргызстандагы жана Грузиядагы элчилерин чакыртып алат. Эмне үчүн? (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Владимир Зеленский Украинанын Кыргызстандагы жана Грузиядагы элчилерин чакырып аларын билдирди. Алар консультация алуу үчүн Киевге кайтып келишет. Бул тууралуу РБК-Украина президенттин видео кайрылуусуна таянуу менен билдирди.

"Украинага жасалган агрессияны актаганы үчүн Кыргызстандан элчини дароо консультацияга чакырабыз. Ошондой эле бизге жардам бергиси келген ыктыярчыларга тоскоолдук кылгандыгы жана санкциялар боюнча адепсиз позициясы үчүн Грузиянын элчисин да дароо чакыртып алабыз", - деди Зеленский.

Видеодо анын бул кайрылдуусу 3-мүнөттүн 27-секундасынан башталат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5773