Улукбек Марипов премьер-министр болуп дайындалды (Фоторепортаж)
RU

Улукбек Марипов премьер-министр болуп дайындалды (Фоторепортаж)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Премьер-министр Улукбек Марипов жана жаңы өкмөттүн мүчөлөрү Жогорку Кеңештин пленардык жыйынында ант беришти.

Эл алдында, президент жана Жогорку Кеңештин депутаттарынын алдында төмонкүлөр ант беришти:

  • Улукбек Марипов - премьер-министр;
  • Артем Новиков - биринчи вице-премьер-министр;
  • Улукбек Кармышаков - вице-премьер-министр - экономика жана финансы министри;
  • Жеңишбек Асанкулов - министр рангындагы өкмөттүн аппаратынын жетекчиси;
  • Таалайбек Өмүралиев - коргоо министри;
  • Руслан Казакбаев - тышкы иштер министри;
  • Асел Чынбаева - юстиция министри;
  • Алымкадыр Бейшеналиев - саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри;
  • Алмазбек Бейшеналиев - билим берүү жана илим министри;
  • Кайрат Иманалиев - маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри;
  • Бообек Ажикеев - өзгөчө кырдаалдар министри;
  • Улан Ниязбеков - ички иштер министри;
  • Гүлмира Абдралиева - транспорт, архитектура жана коммуникациялар министри;
  • Кубанычбек Турдубаев - энергетика жана өнөр жай министри;
  • Аскар Жаныбеков - айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри;
  • Камчыбек Ташиев - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы.

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" конституциялык Мыйзамдын 7-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөт мүчөлөрү өз милдеттерине киришип жатып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде Кыргыз Республикасынын Президентинин жана парламент депутаттарынын катышуусунда ант беришет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/577