Кыргызстандык аялды сойкулукка мажбурлаган түрк жараны 30 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн
RU

Кыргызстандык аялды сойкулукка мажбурлаган түрк жараны 30 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандык М.Н аттуу аялдын сабалып, комага түшүүсүнө айыпталган Түркия жараны Мустафа Йылдыз 30 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн. Бул тууралуу түркиялык Milliyet порталы жазып чыкты.

Йылдыз кыргызстандык аялды сойкулукка мажбурлап, капчыгын жана уюлдук телефонун тартып алгандан кийин сабап, жолдун жээгине ыргытып жиберген деп айыпталууда. Ал "адам өлтүрүүгө аракет кылган" деген айып менен камакка алынган.

Сот отурумду 10-майга жылдырды.

"Кыз 2016-жылдын 15-ноябрында Кыргызстандан Анталияга досу аркылуу официант болуп иштегени келген. Ал ур-токмокко алынып, ооруканага түшүп, жети операция: мээсине үч жолу жана төрт жолу пластикалык операция жасалган", - деп эскерет түркиялык басылмалар.

Эске салсак, 2016-жылы Түркиянын социалдык тармактарында Анталиядан азиат түспөлүндөгү кыз табылганы тууралуу билдирүү жарыяланган. Анын жанында эч кандай документтери болгон эмес. Кыздын абалы өтө оор болгондуктан, комага жаткырылып, операция жасалган. Аны сабап кетишкен.

Кийинчерээк кыздын өздүгү такталып, 1994-жылы туулган кыргызстандык М.Н. экени белгилүү болгон. Тышкы иштер министрлигинин кызматкерлери туугандары менен байланышып, таякеси Анталияга учуп кеткен. Изилдөөлөрдүн натыйжасында мурда М.Н.ны кимдир бирөө сойкулук үчүн сатып жибергени белгилүү болгон. Кылмышка шектүүлөрдүн бири кармалды.

Кыздын өзүнүн айтымында, аны түрк жараны М.Ы., унаага салып, шаардын сыртына алып чыгып, сабап, башына темир нерсе менен бир нече жолу урган. Анан аны машинадан ыргытып жиберген.

Аны сабаган адам сойкулукка мажбурлаган жана адам өлтүрүүгө аракет кылган деген айып менен жоопко тартылат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5782