Apple, Nike жана бир катар компаниялар Россияга товарларын жеткирүүнү токтотту
RU

Apple, Nike жана бир катар компаниялар Россияга товарларын жеткирүүнү токтотту

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Apple жана Nike Россиядагы интернет-дүкөндөрүндө сатууну токтотту. Эки компания тең өз чечимдерин веб-сайттарында жарыялашты.

Nike компаниясынын билдирүүсүндө компания учурда Россиядагы кардарларга товарларды жеткирүүгө кепилдик бере албарын билдирди. Кардарлар жакынкы дүкөндөр тармагына барууга чакырылат.

Apple веб-сайтына жеткирүү мүмкүн эмес экенин билдирген. Ошондой эле Apple Pay жана башка кызматтарды колдонуу чектелүү экени айтылат.

Октагон жазгандай, мотоцикл чыгарууга адистешкен Harley-Davidson компаниясы да өз продукциясын Россияга жеткирүүнү токтотту. Ошондой эле америкалык ири General Motors корпорациясы Россияга автоунааларды экспорттоону убактылуу токтотту.

Буга чейин Уолт Дисней компаниясы Украинадагы кырдаалдан улам Рооссияга тасмаларын көрсөтүү токтотулганын билдирген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5788