Зеленский Токаев менен телефондон сүйлөштү
RU

Зеленский Токаев менен телефондон сүйлөштү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Владимир Зеленский казакстандык кесиптеши Касым-Жомарт Токаев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу Украинанын президенти Twitter'деги аккаунтуна жазган.

Зеленскийдин айтымында, ал Токаев менен региондогу коопсуздук боюнча жаралган оор кырдаалды талкуулаган. "Биз гуманитардык маселелер боюнча кызматташууну чечтик", - деп кошумчалады.

Казакстандын президентинин басма сөз кызматы Токаев "Украинадагы согуш иш аракеттерин токтотуп, өз ара макулдашуу өтө маанилүү экенин белгиледи" деп айтылган. Билдирүүдө телефон чалышуу Украина тараптын демилгеси менен ишке ашканы айтылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5796