3-мартта Украинадагы согуштук аракеттер тууралуу эмнелер белгилүү. Материал жаңыланды
RU

3-мартта Украинадагы согуштук аракеттер тууралуу эмнелер белгилүү. Материал жаңыланды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 3-мартта Владимир Путин Украинада жарыялаган атайын аскердик операциянын сегизинчи күнү. Бул өлкөдөгү аскердик операцияларга байланыштуу азыр Украинада жана дүйнөдө эмне болуп жатканын материалдан окуңуз.

Кечээ болгон окуя тууралуу кыскача:

  • Канада "Газпром" жана "Роснефть" компанияларынын 10 негизги кызматкерине каршы санкцияларды киргизди.
  • Airbus жана Boeing авиакаттамдары Россияда учактарды колдоону токтотконун жарыялады.
  • Абрамович "Челсини" сатыкка койду. Андан түшкөн каражат Украинадагы жабыркагандарга берилет.
  • Мамлекеттик Думага орус армиясы тууралуу жасалма маалыматтар үчүн кылмыш жазасы боюнча түзөтүүлөр киргизилди.
  • ЕККУ Харьковдогу аткылоодон миссиянын кызматкери каза болгонун кабарлады.
  • "Дождь" жана "Эхо Москвы" телеканалдарынын сайттары жабылды.
  • Путин Россиядан чет элдик валютаны экспорттоого чектөө койду.
  • АКШ Россия үчүн аба мейкиндигин жапты.
  • Европа Биримдиги Россияга каршы дагы бир санкцияларды кабыл алып, Россиянын жети банкын SWIFT системасынан ажыратты.
В обратном порядке
Только важное
10:13
03.03.2022

Гаагадагы трибунал Россиянын ыктымал согуш кылмыштарын иликтөөнү баштады

Эл аралык кылмыш сотунун (ICC) башкы прокурору Карим Хан Россия жасаган ыктымал согуш кылмыштары боюнча тергөө башталганын билдирди.

"Украинадагы кырдаалды алгачкы талдоодон кийин менин кеңсем биздин соттун юрисдикциясына кирген кылмыштар жасалган болушу мүмкүн деп ишенүүгө жетиштүү негиздерди көрдү. Мындай деп каралышы мүмкүн болгон конкреттүү иштер буга чейин эле аныкталган жана негиз болуп калат. Тергөө иштери жүрүп жатат", - деди ЭККнын башкы прокурору.

Буга чейин Карим Хан тергөө баштоого уруксат алуу үчүн соттун президенттик кеңешине кайрылуу ниети бар экенин айткан, бирок 38 өлкөнүн трибуналына кайрылуу ага дароо ишти баштоого негиз берген.

В обратном порядке
Только важное
10:14
03.03.2022
Зеленскийдин кезектеги кайрылуусу

Шаршембиге караган түнү Украинанын президенти Владимир Зеленский өлкөнүн жарандарына дагы бир кайрылуусун жазды.

"Биз бир жумада душмандын бардык пландарын аралаштырып салган элбиз, аларды токтоттук",- дейт ал.

Зеленский туткунга түшкөн орус аскерлери Украинага эмне үчүн келгенин билишпейт деп билдирди. Ал аларды Москва колдонуп жаткан "адашкан балдар" деп атады.

Зеленский орус техникасынын жолун тоскон шаар тургундарына ыраазычылык билдирди. Ошондой эле, анын жарлыгы менен 15 коргоочуга Украинанын Баатыры наамы ыйгарылды. Алардын тогузу көз жумган. Президенттин айтымында, акыркы сааттарда ал Норвегия, Израил, Казакстан, Катар, Канада, Польша жана Еврокеңештин лидерлери менен телефон аркылуу сүйлөшкөн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5800