Финалдын жыйынтыгы! Эркин Айтыш боюнча чемпионат
RU

Финалдын жыйынтыгы! Эркин Айтыш боюнча чемпионат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

27-февралда эркин чыгармачылык аянтында -Curlta долбоорунун алкагында уюштурулган Curltai Folk эркин Айтыш чемпионаты өттү.

Curltai Folk долбоорунун максаты – эң алдыңкы технологияларды колдонуу менен ата-бабаларыбыздын баа жеткис мурасын сактоо жана жаңылоо. Мурастарды заманбап дизайнда чечмелөө жана бул байлыкты келечек муундарга заманбап форматта, салтты урматтоо менен тартуулоо.

Алып баруучулар Эркин Нурбаев менен Кубат Тукешов салтанатты эң жогорку деңгээлде алып барышты, алар көрүүчүлөрдү шыктандырып, алардын колдоосунан өзүлөрү да кубат алып турушту. Айтыш бир нече саатка созулганына карабастан, бир дем менен өттү, көрүүчүлөр баштан-аяк мыкты маанайда отуруп беришти.

Финалдык беттеште 16 төкмө акын өз ара күч сынашты, жыйынтыгында алардын ичинен Садырбек Турдубек уулу, Кутман Садыбакасов, Азамат Болгонбаев жана Максат Кулуев чемпиондук күмүш кур үчүн күрөшүштү.

Татаал жана татыктуу таймашуунун жыйынтыгында эң жаш 21-деги Кутман Садыбакасов жеңишти ээси болду. 150 000 сом өлчөмдөгү башкы акчалай байге жана чемпиондук күмүш курдун Кутман Садыбакасов ээси болду! Эркин Айтышта биринчи турдан баштап куч сынашууга өлкөбуздун 7 аймагынан 30 акын катышкан.

Ал эми байгелүү орундарды финалистер төмөнкүдөй болүштү:

  • 1-орун – Азамат Болгонбаев.
  • 2-орун – Максат Кулуев.
  • 3-орун – Садырбек Турдубек уулу.

Жеңүүчүлөрдү тастыккан калыстар тобу аныкташты. Финалда калыстар тобунун төрагасы композитор, кыргыз улуттук консерваториясынын ректору, КР эл артисти– Бегалиев Муратбек Акимович бодлу; Манасчы, "Манас Мурас" коомдук фондунун жетекчиси – Исаков Рысбай; КР эл акыны – Амантай Кутманалиев.Ал эми калыстар тобунун ишине жана протокол жүргүзүүнүн ачык айкындуулугуна козомол болгон, иш-чаранын өнөктөшү ЖЧК "НАКАТОМИ" юридикалык фирмасы болду.

Чемпионаттын өзгөчөлүгү жаңыча формат болгон, көрүүчүлөрдүн курчоосуна толгон чакан сахнада акындар бетме-бет айтышкан. Көрүүчүлөрдүн сахнага жакындыгы, күчтүү эмоциялары акындар үчүн өзгөчө атмосфера жаратып турган. Бардык иш-чаралар Curltai_Aitysh жана Megacomkg соцтүйүндөрүндөгү баракчаларында FullHD форматта онлайн көрсөтүлүп турду.

Чемпионаттын көрүүчүлөрү өзгөчө уникалдуу жаамат болгон – "Ордо Сахна" фольклордук-этнографиялык театрынын жана Chingiz Albert Teamдин катышуучусу ырчы айым Тамганын, ошондой эле, Mirrors театр шоу аткаруусунан ырахат алышты.

Чемпионаттын жалпы байге фонду MegaCom улуттук уюлдук операторунун башкы өнөктөшүнөн 500 000 сомду түздү.

Расмий демөөрчүсү - Шоро компаниясы,Расмий банкы - Бакай Банк.

Чемпионаттын жаңылыктарын Instagramдагы Curltai_Atysh баракчасында, ошондой эле катышуучулардын финалдык видеолору Curltai_Aitysh Youtube каналына чыгат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5805