Украинадагы кырдаалга байланыштуу дары-дармек тартыш болушу мүмкүн
RU

Украинадагы кырдаалга байланыштуу дары-дармек тартыш болушу мүмкүн

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

2-мартта Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев дары-дармек департаменти жана Кыргызстандын фармацевтикалык бирикмеси менен биргеликте кеңеш өткөрдү. Алар өлкөнү дары-дармек менен камсыздоо көйгөйлөрүн талкуулашкан, деп саламаттык министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жыйын учурунда Кыргызстандын фармацевтикалык фирмаларынын өкүлдөрү Россия менен Украинанын ортосундагы конфликт аларды санаага салып жаткандыгын айтышты.

Кыргызстандын фармацевтикалык кеңешинин башчысы Эрнис Асановдун айтымында, Кыргызстан дүйнөнүн 30 өлкөсүнөн дары-дармек жана медициналык багыттагы товарларды импорттойт.

Россия менен Украинын үлүшү өлкөгө жасалган импорттун 60%ын түзөт.

"Азыркы тапа, түзүлгөн кырдаалды эске алуу менен Украинадагы заказдар жокко чыгарылды. Жеткирип берүүлөрдү кайра качан жандандырабыз, белгисиз", - деди.

Россияга карата санкциялар киргизилип, өндүрүшчүлөр товарды салып жиберүүнү токтотушкан. Ал товар өздөрүнүн ички рыногунун керектөөлөрүн камсыздоого багытталышы мүмкүн. Фармбизнестин өкүлдөрү бааларды көзөмөлдөөчү пилоттук долбоорду да убактылуу токтотуп турууну суранышты.

Алымкадыр Бейшеналиев министрлик бул маселени карап чыгуу үчүн жумушчу топ түзүп, кыска убакытта иштеп чыгып, сунуштарын айтат, деп билдирди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5806