Кыргызстандыктар Венгрияга эвакуацияланды, бирок Бишкекке келүүгө акчасы жетишсиз
RU

Кыргызстандыктар Венгрияга эвакуацияланды, бирок Бишкекке келүүгө акчасы жетишсиз

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Украинадан Венгрияга эвакуацияланган кыргызстандыктарга өлкөгө чейин жетип алууга каражат жетишсиз. Бул тууралуу Kaktus.kg'ге эвакуациялангандардын бири Турдубек Тентимишов айтып берди.

Анын айтымында, учурда Венгрияда 114 кыргызстандык бар. Алар жакынкы күндөрү Кыргызстанга учушу керек. Бирок билет сатып алууга каражаты жетишсиз.

"Бир билеттин баасы $300. Айрым мекендештерибиздин кичинекей балдары бар, ошолордун тыйыны жетпей калды. Баш аягы $5 миң керектелет. Мекенге кайтып келүү 5-6-мартка пландалган", - дейт Турдубек.

Кыргызстандын Украинадагы элчилиги менен байланышуу мүмкүн болбой турат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5808