Артем Новиков: Мен премьер-министр болууну максат кылган эмесмин, жеке амбицияларым жок
RU

Артем Новиков: Мен премьер-министр болууну максат кылган эмесмин, жеке амбицияларым жок

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков өзүнүн Facebook баракчасында алты мүнөттүк трансляция жасап, каттаалуучулардын бир катар суроолоруна жооп берди.

Биринчи кезекте ал көптөн бери түз эфир жасабай калганы үчүн кечирим сурап, аны менен бирге буга чейинки министрлер кабинетинде иштешкен бир катар чиновниктерге рахматын айтты. Анын ыраазычылык сөздөрү Эльвира Сурабалдиева, Максат Мамытканов, Равшанбек Сабиров, Тилек Токтогазиев жана Нуржигит Кадырбековго багытталды.

"Бардыгыңар өлкөдөгү кырдаалдын турукташуусуна өз салымыңарды коштуңар", - деди Новиков.

Ошондой эле, ал премьер-министрдин постун ээллөө анын максаты эместигин билдирди.

"Силер мени билесиңер. Менин жеке амбицияларым жок болчу. Анын үстүнө мен премьер-министрдин постун ээлеп калууга умтулган эмесмин. Биз өлкөбүздүн келечеги үчүн иштедик", - деди ал.

Новиков Мариповдун вице-премьер кызматын ээлөө сунушуна макул болгонун кошумчалап кетти. Эфиринин соңунда, өзүнүн катталуучуларынан жаңы премьер-министрге да өзүн көрсөтүү үчүн шанс берүүнү суранды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/580