Садыр Жапаров коньки тээп чыгып, хоккей чемпионатын ачты (видео)
RU

Садыр Жапаров коньки тээп чыгып, хоккей чемпионатын ачты (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кечээ, 3-мартта, Садыр Жапаров 2022-жылдын IV дивизионундагы шайа менен хоккей боюнча чемпионатынын ачылышына расмий түрдө старт берди.

Муз үстүндөгү эл аралык федерациясынын карамагында өткөн масштабдуу иш чара Бишкекте алгачкы жолу өткөрүлүп жатат.

Мамлекет башчысы учурашуу сөзүндө ал эле эмес, бүтүндөй кыргыз эли Кыргызстанда хоккей боюнча дүйнө чемпионаты өтүп жатканына кубанычта экендигин белгиледи.

Садыр Жапаров спортто ар дайым эң мыктысы жеңип чыгаарын айтып, бардык катышуучуларга ийгилик каалады.

Өлкө башчысы курама командалардын капитандары менен учурашып, символикалуу түрдө оюнга шайба таштады. Ошонусу менен ал чемпионатка старт берди. Садыр Жапаров аренага жардамчысы жана бир оюнчунун коштоосунда коньки тээп чыккан.

Чемпионаттын салтанаттуу ачылышы "Бишкек-Арена" спорт комплексинин базасында өткөн. Турнирге Кыргызстан, Кувейт, Малайзия, Сингапур жана Иран өлкөлөрүнөн келген спортчулар катышат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5817