4-мартта Украинадагы аскер аракеттери боюнча эмне белгилүү. Материал жаңыланып турат
RU

4-мартта Украинадагы аскер аракеттери боюнча эмне белгилүү. Материал жаңыланып турат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн 4-март, Россиянын президенти Владимир Путин Украинада атайын аскер операциясы өтөт деп жарыялагандан бери тогуз күн өттү. Азыркы тапта Украинада эмне болуп жатканын бул материалдан окуңуз.

В обратном порядке
Только важное
10:23
04.03.2022
Гаага эл аралык отунун тергөөчүлөру Украинага чыгышты

Гаага эл аралык сотунун тергөөчүлөр тобу Украинага сапар тартышты. Алар Украинанын Россияга каршы доо-арызы боюнча иликтөө жүргүзүшөт. Бул тууралуу орус Би-би-си кызматы кабарлады.

11:33
04.03.2022
Запорож АЭСте өрт чыкты

Украинанын Запорожье облусундагы Атомдук электростанциясында Россия менен Украиналык аскерлердин согуш иш аракеттеринин натыйжасында өрт чыкты. УНИАН агенттиги ЗАЭСтин кызматкерлеринин бирине шилтеме берип, снаряддардын бири станциянын биринчи энергоблогуна тийгенин билдирген.

Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба россиялык аскерлерден ок атууну токтотууну жана куткаруучуларга Запарожье АЭСине кирүүгө мүмкүнчүлүк берүүнү талап кылды.

11:44
04.03.2022
Владимир Зеленскийдин шашылыш кайрылуусу

Украинанын президенти Владимир Зеленский видеокайрылуу жасады. Анын айтымында россиялык танкалар атомдук блокту аткылап жатат. Болуп жаткан окуялар "жаңы Чернобылге" алып келиши мүмкүн. Ал бардык Европа өлкөлөрдүн тургундарына саясатчыларга АЭС атылып жатканын айткыла, деп үндөдү. "Эгер Украинадагы бир эле энергоблок жарылса, бүт Европанын жок болгону", - дейт Зеленский.

12:06
04.03.2022
Россияда социалдык тармактарга блок салынууда

Россиянын аймагында Facebook социалдык тармагы жарым-жартылай блокко салынды. Андан тышкары "Медуза" жана "Би-би-си" сайттары блоктолду, деп Globalcheck жазды.

Алар берген маалыматка ылайык, "Медуза" менен "Би-би-синин" жеткиликтүүлүгү 17%, Facebook - 37%.

Роскомнадзордун ТАССка берген комментарийинде Meduza сайты "сайттарды блокко салуу регламентине ылайык, массалык башаламандыктарга, экстремизмге жана мыйзамсыз массалык акцияларга катышууга үндөгөндүгү үчүн" чектелген.

13:29
04.03.2022

Эгер Россия Украинадагы атайын аскер операциясын токтотсо Москвага карата санкциялардын бардыгы жокко чыгарылат. Бул тууралуу АКШнин саясий иштер боюнча мамлекеттик катчысы Виктория Нуланд ТАСС агенттигине интервью берип жатып билдирди.

14:35
04.03.2022
Россия АКШга ракета кыймылдаткычтарын жеткирүүнү токтотту

"Роскосмостун" башчысы Дмитрий Рогозин Россия АКШга ракета кыймылдаткычтарын сатууну токтотту деп жар салды. Андан тышкары, Россия АКШда калган 24 кыймылдаткычты да мындан ары тейлебейт.

"Шыпыргыларын минип космоско уча беришсин", - дейт корпорациянын башчысы.

Ошондой эле "Роскосмос" МКСтеги эксперименттерди жүргүзүү боюнча АКШ менен кызматташуусун токтотту.

15:53
04.03.2022

Запарожье облусундагы радиациялык фон жергиликтүү АЭСте өрт чыкканына карабастан нормага ылайык. Калк үчүн коркунуч жок, деп жергиликтүү администрация билдирди.

15:58
04.03.2022

Улуу Британиянын королевасы Елизавета II украин качкындарына жардам берүү фондуна өзүнүн атынан кайрымдуулук жасады. Букингем сарайы кайрымдуулукка канча сумма бөлүнгөнүн атоодон баш тартты.

Кембридж герцогу менен герцогинясы да өздөрүнүн атынан кайрымуулук жасашканы белгилүү болду.

16:04
04.03.2022
АЭСтеги өрт өчүрүлдү

Орус армиясынын чабуулунан кийин күйүп кеткен Украинанын Запорожье атомдук электр станциясындагы өрт өчүрүлдү. Бул тууралуу жергиликтүү бийлик өкүлдөрү кабарлады.

Украинанын атомдук энергия боюнча агенттиги АЭС радиоактивдүү заттардын тараганы аныкталбаганын билдирди.

4-мартка караган түнү Энергобар шаарында жайгашкан Европадагы эң ири атомдук электростанцияга ракеталык сокку урулуп, өрт тутанганы маалым болгон.

Орус армиясынын тынымсыз аткылоосунан улам өрт өчүрүүчүлөр атомдук электростанцияга бир топко жакындай албай турган. Андан кийин Украинадагы Запорожье облусунун аскердик администрациясынын башчысы Александр Старух өрт өчүрүүчүлөр АЭСке кое берилгенин билдирген.

16:32
04.03.2022
Украинанын Херсон шаарында россиянын каналдары иштей баштады

Россиянын аскери ээлеп турган Херсон шаарында, 4-марттан баштап 24 россиялык канал көрсөтүлө баштаган. Андан тышкары, 3 радиостанция ишке кирди, деп "Суспільне Херсон" басылмасы жазды.

Кийинчерээк, Запорожье облусунун аскер администрациясы да россиянын аскери Мелитополдогу телемунараны басып алганын расмий тастыкташты. Алар өз техникасын орнотуп, россиянын каналдарын көрсөтүп башташкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5822