Хоккей командасын колдоо үчүн кайда барсам болот?
RU

Хоккей командасын колдоо үчүн кайда барсам болот?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кечээ Бишкекте хоккей боюнча төртүнчү дивизиондун дүйнөлүк чемпионаты башталды. Турнирге Кыргызстандын, Кувейт мамлекетинин, Малайзиянын, Сингапурдун жана Иран Ислам Республикасынын курама командалары катышууда.

Кыргызстандын хоккей боюнча курама командасынын курамы:

  • Дарбазачылар: Александр Петров (Түркия клубу), Кадыр Алымбеков ("Кыргыз темир жолу").
  • Коргоочулар: Кузьма Терентиев, Максат Мырзабаев, Александр Тихонов, Максим Егоров (баары "Дордой"), Уран Турсунбеков ("Нарын Хоукс"), Адис Качкынбаев, Антон Кудашев ("Кыргыз темир жолу").
  • Чабуулчулар: Александр Титов, Ерсултан Мирбеков, Кирилл Ким, Султан Исманов, Владимир Тонких, Михаил Чувалов, Владимир Носов, Артур Асаналиев (баары "Дордой"), Ислам Абдраев ("Хаки", Финляндия), Саламат Тыналиев, Эрамир Шамырканов (экөө тең " Кыргыз Темир Жолу").
  • Башкы машыктыруучу – Михаил Чеканов, улук машыктыруучу – Руслан Сулейманов.

Ар бир каалоочу 200 сомго билет сатып алып, шаардык муз аянтчасына келип биздин команданы колдосо болот.

Билеттерди кайдан жана кантип сатып алса болот:

  • шаардык муз тебүүчү аянтчада, 0550 12 18 81;
  • Кыргыз Республикасынын Хоккей федерациясынын кеңсесинде, Манас пр., 16 (Новотел), 0779 27 69 88.

Матч расписание

Экинчи тур, 4-март:

19:00, Сингапур - Иран.

Үчүнчү тур, 5-март:

17:30, Кувейт - Сингапур;

20:00, Кыргызстан - Малайзия.

Төртүнчү тур, 6-март:

19:00, Иран - Кувейт.

Бешинчи тур, 7-март:

17:00, Малайзия - Иран;

20:00, Кыргызстан - Сингапур.

Алтынчы тур, 8-март:

17:00, Сингапур – Малайзия;

20:00, Кыргызстан - Кувейт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5831