Регионалдык бөлүмдөрдө жолдорду оңдоо иштери башталды
RU

Регионалдык бөлүмдөрдө жолдорду оңдоо иштери башталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

КР Транспорт жана жол министрлиги Регионалдык бөлүмдөрдө жолдорду оңдоо иштери башталганын билдирди.

Маалыматына ылайык 2022-жылдын 4-мартына карата 2,3,4 Регионалдык бөлүмдөрдө, Жол чарба департаментине караштуу жол тейлөө мекемелери тарабынан жол техникаларын, асфальт-бетон заводорду оңдоо, керектүү инертик материалдарды даярдоо жумуштары жана ЖТМ №7 пропитка жолу менен аңдарды жамоо жумуштары аткарылууда.

Ага ылайык Ош-Сарыташ-Эркештам автомобиль жолдору башкармалыгында -ЖТМ №-21, 37, 44, 45, ал эми Жалал-Абад-Балыкчы автомобиль жолдору башкармалыгында-ЖТМ №-31, 50, 51, 52, 12, 17, ГДАД "Бишкек-Ош" гененалдык дирекциясына караштуу №-38, 22, 5, 956, 26да жол жеектерин түздөө, кувейттерди кесүү, тешилген жолдорду оңдоо жол жеегиндеги элементтерди актап сырдоо жумуштары жүрүп жатканы айтылды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5835