Зеленский калпак кийип эмне кылган. Калпак тууралуу кызыктуу гана окуялар
RU

Зеленский калпак кийип эмне кылган. Калпак тууралуу кызыктуу гана окуялар

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

2011-жылы 5-март-Ак калпак күнү деп жарыяланып, 2016-жылдан баштап расмий түрдө белгилене баштаган.

Нааразычылык жаратып, сынга кабылган окуялар

  • 2011-жылы Жогорку Кеңештин депутаты Финляндияда жергиликтүү аткаминерлерге кыргыз калпагын берип, баняга кийинүү сунуштаганы үчүн сынга кабылган.

  • Бразилялык таанымал модель Адриана Лима жана бир канча модель айымдар калпак кийип мода көргөзмөсүнө чыккан. Ачык кийимдер менен калпакты кийгени үчүн көпчүлүк жакшы кабыл алган эмес.

  • 2018-жылы Бишкекте иттердин көргөзмөсү өтүп анда итке калпак кийгизген айым интернетте чуу жараткан. Коомчулук ага нааразы болуп, жазага тартууну да сунушташкан.

  • Тойлордун биринде дасторконго коюла турган козу гриллге калпак кийгизген окуя болгон. Муну эл ыксыз жорук деп сындашкан.

Калпак кийип сүрөткө түшкөн белгилүү адамдар

Зеленскийдин кыргыз калпагы менен түшкөн сүрөтү да бар. Ал Украинадагы бир нече кыргызстандыктар катышкан "Рассмеши комика" программасында тартылган. Кыргыздын калпагын катышуучулардын бири Азимхан Рахатов Зеленский менен Кошевойго белек кылган.

Биринчи учкуч Юрий Гагарин.

Кытайлык актер Жеки Чан

Калпак боюнча ишке ашпай калган мыйзам долбоорлору

  • Быйыл Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов калпакты мектеп формасына милдеттендирүүнү сунуштады. Ал эми былтыр ал ак калпак күнүн бир жума майрамдоо сунушун да киргизген.

  • 2017-жылы Жогорку Кеңештин айрым депутаттары президент, премьер-министр, спикер жана башка өлкө башчыларын ак калпакты чечпей кийишин милдеттендирүү боюнча мыйзам долбоорун сунушташкан. Мындай милдеттенме эл аралык мелдештерге катышкан спортчуларга да тийиштүү болмок.

Калпак Израил телевидениесинде

Израилдеги белгилүү журналист, кыргызстандык Александр Ронкин ITON-TV каналындагы "Злой кыргыз" автордук программасында Бишкекке болгон сапарларынын биринде достору белек кылган кыргыз калпагы менен жүрөт.

"Мен калпакты башыма кийип, же үстөлдүн үстүнө коюп алам. Аны Гарри Поттердин Хогвартс шляпасы сыяктуу колдоном. Бул калп айта албай турган калпак сыяктуу. Студияга коюп алганымдын себеби да ушул. Мен маектешиме "калп айтсаңар бул сыйкырдуу атрибут сөзсүз ачыкка чыгарат" деп айтам", - деп күлөт Александр Ронкин.

Эң чоң калпак

2016-жылы Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин студенттерди бийиктиги 3 метрге жакын калпакты жасашкан.

Калпак жасоо өнөрү жана кийүү салты ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастарды коргоо боюнча тизмесине Кыргызстандын атынан катталган. Мындай чечим Колумбиянын Багота шаарында өтүп жаткан материалдык эмес маданий мурастарды коргоо боюнча ЮНЕСКОнун өкмөттөр аралык комитетинин 14-жыйынында кабыл алынган.

Калпакты кантип кийсе болбойт

  • Калпактын төбөсүн түшүрүп кийбеш керек. "Бул үйдө баш көтөрөөр эр жок. Күчтүүлөргө баш ийем", - дегенди түшүндүрөт.

  • Калпактын оң кыргагын басып кийсе аялынан, ата- энеден, дөөлөттөрдөн айрылуу белгиси.

  • Калпактын төбөсүн түшүрүп, эки кырын тең терең жапырып кийсе "Мен кулак кести кул катары жүрөм", -дегенди билдирет.

Кантип аял тапса болот

Мисалы жигиттин колукту издеп жүргөнүн түшүнүү үчүн ак калпактын жаасын карап коюу жетиштүү болчу. Ал кызыл же бургундия кырлуу калпак кийген.

Жигит 24 жашка чыкканда калпагынын кырынын өңү көк болуп, өзгөргөн. Бул ак калпактын ээси эбак эле бойго жетип, күрөшө алат, үйүн коргой алат дегенди билдирген.

Маалымат ачык булактардан алынды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5836