Атыр Абдрахматова: Сөз эркиндиги Кыргызстандын башкы жетишкендиги
RU

Атыр Абдрахматова: Сөз эркиндиги Кыргызстандын башкы жетишкендиги

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Акыйкатчы Атыр Абдрахматова Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетин жана сот органдарын Кыргыз Республикасынын Конституциясы тарабынан кепилдик берилген сөз эркиндигин урматтоого чакырды.

"Сөз эркиндиги Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүн алган жылдары ичиндеги башкы жетишкендиги болуп саналат, ал ошондой эле эл аралык коомчулук жана өнүгүүнүн шериктештери тарабынан жактырылган. Ой-пикир эркиндиги, жалпыга маалымдоо каражаттарынын эркиндиги Конституция тарабынан кепилденген, аны бекем сактоо экрин, укуктук жана демокртаиялык өлкөнүн негизги көрсөткүчү болуп саналат" деп билдирди акыйкатчы.

Акыйкатчы укук коргоо органдарынын Next TV каналына карата шашалышы чечимине тынчсызданганын билдирди.

Акыйкатчы аталган телеканалга кылмыш ишинин ачылышы, анын директору Таалайбек Дүйшенбиевдин кармалышы боюнча ишти өз көзөмөлүнө алаарын билдирди.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) NEXT TV каналына улуттар аралык кастыкты козутуу беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду. NEXT телеканалынын директору Таалай Дүйшенбиев 48 саатка камалды.

Маалымат pk.kg сайтынан алынды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5851