WhatsApp'та "Кумтөр" компаниясы тууралуу фейк таратылууда
RU

WhatsApp'та "Кумтөр" компаниясы тууралуу фейк таратылууда

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бир нече күндөн бери Кыргызстандын WhatsApp группаларында "Кумтөр голд компани" атайын акйия өткөрүп жатат деген билдирүүлөр таратылууда.

Анда компания өзүнун 30 жылдыгына карата акция өткөрүп, суроолорго туура жооп берген колдонуучу 10 миң сом утуп алат, деп жазылган.

Компания таратылып жаткан маалымат чындыкка дал келбейт, бул фейк деп маалымдады.

"Алдамчылар биздин компаниянын атын жамынып, элди алдап жатышат. Өзгөчө белгилеп кетебиз, учурда компания эч кандай акция жана лоторея өткөргөн жок. WhatsApp аркылуу таратылып жаткан билдирүүнүн "Кумтөр голд компаниясына" эч кандай тиешеси жок", - деп компаниянын Facebook'тагы расмий баракчасында жазылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5855