Күйүүчү майга акциздин кымбатташы бензиндин 13-14 сомго көтөрүлүшүнө алып келет
RU

Күйүүчү майга акциздин кымбатташы бензиндин 13-14 сомго көтөрүлүшүнө алып келет

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Нефтетрейдерлер союзунун билдирүүсүнө ылайык, күйүүчү майга акциздин кымбатташы өлкөдөгү бардык тармактарга кесепетин тийгизет. Баалар көтөрүлүп, контрабанда күч алат.

Эске салсак, депутаттар жол фондун өнүктүрүү үчүн акциздерди көтөрүүнү сунушташты. Бул билдирүүгө нефтетрейдерлер союзу өз пикирин айтышты.

"Акциздик салыктын көтөрүлүшү күйүүчү майдан көз каранды болгон бардык товарлардын, азык-түлүктүн кымбатташына алып келет. Ошондо жолдорду тейлөө кызматы жогорулайт, анын ичинде бардык транспорттук чыгымдар, материалдарды жеткирүү, жумушчу күчтүн акысы, күйүүчү майга болгон бюджеттик чыгаша да көтөрүлөт. Ошондо, депутаттар сунуштап жаткан чара такыр эффективдүү эмес экени анык көрүнөт", - деп нефтетрейдерлер пикирин билдиришти.

Салыктын көтөрүлүшүнөн биринчи кезекте жөнөкөй жарандар, айдоочулар жабыркайт. Анткени бензиндин баасы кыйла көтөрүлөт. Күйүүчү майды контрабанда жолу менен сырттан ташып башташат. Расмий алынып келинген бензин менен экөөнүн ортосундагы баанын айырмасы 13-14 сомго жетет.

Салыктын көтөрүлүшү, өлкөбүздүн ар бир жаранына терс таасирин тийгизгенден тышкары жалпы эле нефть тармагынын кедерин кетирет. Андан тышкары өлкөдөгү айлыктардын төмөндүгү азыр деле май сатып алууда оорчулук жаратат, эгер баасы дагы жогоруласа, такыр эле мүмкүн эмес болуп калчудай.

Эске салсак, ЖКнын депутаттары мамлекеттин жол фондун толуктоо максатында, бензинге, жеңил жана орто дистиллятка жана башка күйүүчү майларга акциздик салыкты көтөрүү боюнча Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунушташкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/585