Украинадагы элчи кырдаалдан пайдаланып акча жасагандар жөнүндө айтып берди
RU

Украинадагы элчи кырдаалдан пайдаланып акча жасагандар жөнүндө айтып берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандын Украинадагы элчиси Идрис Кадыркулов мекендештерди эвакуациялоодо кандай кыйынчылыктарга туш болгонун айтып берди.

Анын билдиргенине караганда, элчиликтин кызматкерлери күнү-түнү, дем алышы жок оор шартта иш алып барууда. Украинада коомдук транспорт, бензин жетишсиз. Айрым райондордо кредиттик-финансылык мекемелер жабык.

"Мындай кырдаалда элчиликтин кызматкерлери адаттан тышкары ыкмаларды колдонуп, кээде жеке өмүрүн тобокелчиликке салып, иштеп, мекендештерибиздин көйгөйлөрүн чечүүгө аракет кылып жатат. Бирок айрым караниет жарандар түзүлгөн кырдаалдан пайдаланып, акча чогултумуш болуп, алдамчылык кылып жатышат. Мындай патриот имиштер биздин ишибизди да кыйындатууда. Алар жалган маалымат таратып, жок жерден акцияларды ойлоп таап жатышат.

Маселен, жакында эле мекендештерибиз чет өлкөдөгү кыргыз диаспораларынан акча чогултуп, аны өзүнө менчиктештирип алууга аракеттенген", - деп элчи жазды.

Мыйзам бузган жарандар жоопкерчиликке тартылат, деп Кадыркулов эскертти. Украинадагы мекендештерге жардам бергиси келгендерди элчиликтин кызматкерлери менен байланышууга чакырды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5860