Унаасына Z белгисин чаптап алгандарга айып салынат. Эмне үчүн?
RU

Унаасына Z белгисин чаптап алгандарга айып салынат. Эмне үчүн?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте Z белгисин унаасына чаптап алган айдоочулар айыпка жыгылат. Бул тууралуу Kaktus.media редакциясына Бишкек милициясынын кайгуул кызматынан түшүндүрүштү.

Маалыматка ылайык, унаалардагы мындай чаптамалар "Укук бузуулар жөнүндө" кодексинин 194-беренесинин 1-пунктуна каршы келет, башкача айтканда, бул конверсия деп эсептелет.

"Яндекстин такси стикерлери да мыйзамсыз жана ага 5500 сом айып салынышы керек. Атайын уруксатсыз унаага белги чаптоого болбойт. Бул Z белгиси, ошондой эле башка стикерлерге да тиешелүү", - деп түшүндүрдү.

Белгилей кетсек, ушул эле белги менен Россиянын аскердик техникасы Украинада жайгашкан. Россиянын Коргоо министрлиги Z - жеңиш үчүн, ал эми V - күч чындыкта дегенди түшүндүрөөрүн маалымдаган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5864