Украинадагы кырдаалга байланыштуу Россиядан акча которуулар үч эсе азаят
RU

Украинадагы кырдаалга байланыштуу Россиядан акча которуулар үч эсе азаят

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Дүйнөлүк банктын Миграция жана өнүгүү тармагындагы билим берүү боюнча глобалдуу өнөктөштүккө аналитикалык сереп (KNOMAD) бөлүмү белгилегендей, Украинадагы аскердик аракеттердин айынан 2022-жылы Кыргызстанга жөнөтүлгөн акчалардын агымы 33%га кыскарат. Мындан мурун, быйыл 3%га өсөт деп божомолдонгон болчу.

Дүйнөлүк банктын божомолунда Борбор Азиядагы көпчүлүк өлкөлөр Россиядан которулган акча каражаттарынан көз каранды. Мисалы, Кыргызстанга которулган жалпы акча каражаттарынын 83%ы Россиядан.

Акча которуулардан көпчүлүк жарандардын финансылык тиричилиги көз каранды. Мисалы, 2020-жылы Кыргызстан менен Тажикстанда мигранттар жөнөткөн акчалай каражаттар ИДПнин 31 жана 27%ын түзгөн. Бул товарлардын экспорту жана тейлөө көрсөтүү тармагынан да көп.

Эске салсак, Россиянын Украинадагы аскердик аракеттерине байланыштуу Россия Федерациясына экономикалык санкциялар салынган. Алар рублдин курсуна жана банк системаларынын ишине таасир эткен.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5865