Украинанын мурунку президенти Зеленскийге кайрылды
RU

Украинанын мурунку президенти Зеленскийге кайрылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Украинанын мурунку президенти Виктор Янукович азыркы президент Владимир Зеленскийге кайрылып, кан төгүүнү токтотууну суранды. Бул тууралуу РИА новости жазды.

Януковичтин айтымында, конфликтин тынчтык жолу менен чечилишин эки тарап тең күтүүдө.

"Кеңеш бере турган кишилериңиз көп экенин жакшы түшүнүп турам, бирок сиз кандай жол менен болсо да кан төгүүнү токтотушуңуз керек. Бул нерсени Украинада дагы, Донбаста дагы, Россияда дагы күтүп жатышат. Сизге украиналыктар дагы Батыштагылар дагы ыраазычылыгын билдиришет", - деп экс-преиденттин кайрылуусунда жазылган.

Россия менен Украинанын ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн үч раунду өттү. Алар Беларусиянын аймагында 28-февралда, 3- жана 7-мартта уюштурулган. Экинчи раунддан кийин жарандарды эвакуациялоо, азык-түлүк жана дары-дармек жеткирүү максатында гуманитардык коридорлорду камсыздоо макулдашылган.

Төртүнчү раунд жакынкы күндөрдө болот деп Москва делегациясынын мүчөсү Леонид Слуцкий билдирген.

Эске салсак, Россия 24-февралда Украинадагы аскердик операциясын баштаган. РФтин президенти Владимир Путин анын максаты "сегиз жылдан бери киевдик режим тарабынан геноцидге жана басынтууга туш болгон жарандарды коргоо" деп айткан. Ал үчүн "Украинаны демилитаризациялоо жана денацияфикациялоо" өткөрүү, Донбастагы жөнөкөй жарандарды кысымга алган кылмышкерлерди жана жооптуулардын бардыгын сотко берүү пландалууда", - деген Владимир Путин.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5876