Надира Нарматова 8-мартта жөө жүрүштү уюштургандарга чара көрүүнү талап кылды
RU

Надира Нарматова 8-мартта жөө жүрүштү уюштургандарга чара көрүүнү талап кылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Депутат Надира Нарматова 8-марттагы аялдардын укугун коргоо митингин уюштуруучуларга карата чара көрүүнү укук коргоо органдарынан суранды.

Жогорку Кеңештин 9-марттагы жыйынында ал жөө жүрүштү бейөкмөт уюмдар уюштурганын, муну Кыргызстандын 6-7 миллион элинин атынан жасалган акция катары баалоого болбойт, деп белгиледи.

"Биз Россия менен Украинанын ортосундагы кырдаалда бейтараптуулукту сактайбыз. Бүгүнкү күндө мигранттардан, түрдүу шаарлардан телефон чалуулар болуп жатат. Россия стратегиялык өнөктөшүбүз, түбөлүк өмүр бою келаткан. Бул биздин мигранттарга тоскоолдук кылбаса. Укук коргоо органдарына протоколдук тапшырма бериңиз: алар чара көрүшү керек, ирээтке, тартипке келтирсин, антпесе бул иш-аракет бүткүл өлкөнүн атынан жүргүзүлүп жатат деп ойлошот", - деди депутат.

Ал ошондой эле жарандардын доллар менен алган насыяларын төлөө маселесин иштеп чыгууну өтүндү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5887