Кыргызстандан Россияга кантип учса болот?
RU

Кыргызстандан Россияга кантип учса болот?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Россиялык авиакомпаниялар Украинадагы кырдаалга байланыштуу Кыргызстанга каттаган рейстерин токтоткон.

Маселен "Аэрофлот" менен S7 Airlines убактылуу Кыргызстанга учпай калды.

Азыркы күндө "Авиа Трффик" жана "Уральские авиалинии" авикомпанияларынын учактары менен Россияга жетип алса болот.

"Уральские авиалинии"

Kaktus.kg'ге айтып бергендей, "Уральские авиалинии" авиакомпаниясынын кызматкерлери рейстердин санын көбөйтүп, Москвага шейшембиден тышкары күндө каттап калышкан. Буга чейин жумасына үч жолу гана учуп турушчу.

"Уральские авиалинии" төмөнкү рейстерди ишке ашырат:

  • Бишкек - Москва (шейшембиден тышкары күндө );
  • Бишкек - Екатеринбург (шейшемби, ишемби);
  • Ош - Москва (шаршемби, бейшемби, ишемби);
  • Ош - Екатеринбург (дүйшөмбү, шаршемби, жума);
  • Ош - Казань (бейшемби);
  • Ош - Калуга (ишемби).

Билеттерди авикомпаниянын сайтынан же көрсөтүлгөн телефон номерлерге байланышып сатып алса болот.

Оштон бир тарапка учуу 24 миң рублдан жогору. Бишкектен бир тарапка учуу 23 миң рублдан жогору.

"Авиа Траффик"

"Авиа Траффик" авикомпаниясы Бишкектен төмөнкү рейстерди ишке ашырууда:

  • Бишкек - Москва (күнүгө);
  • Бишкек - Санкт-Петербург (шаршемби, ишемби);
  • Бишкек - Казань (дүйшөмбү);
  • Бишкек - Красноярск (шейшемби, шаршемби);
  • Бишкек - Новосибирск (шейшемби, шаршемби, жума);
  • Бишкек - Иркутск (бейшемби);
  • Бишкек - Краснодар (жума);
  • Бишкек - Грозный (шейшемби).

Билеттердин баасы бир тарапка 27 миң сомдон жогору.

Оштон чыга турган рейстер:

  • Ош - Москва (күнүгө);
  • Ош - Иркутск (жекшемби);
  • Ош - Екатеринбург (ишемби);
  • Ош - Красноярск (ишемби);
  • Ош - Новосибирск (шаршемби, жума);
  • Ош - Санкт-Петербург (жума).

Билеттердин баасы бир тарапка 24 миң сомдон жогору.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5895