Нурлан Шакиев: Курулуш компаниялары мигранттарды жумуш менен камсыз кылышы керек
RU

Нурлан Шакиев: Курулуш компаниялары мигранттарды жумуш менен камсыз кылышы керек

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Депутат Нурлан Шакиев мигранттарды Кыргызстанда курулушка тартууну сунуштоодо. Бул тууралуу ал бүгүн, 10-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, Россия менен Украинанын ортосундагы согуштун айынан Кыргызстан чоң жоготууга учурап жатат.

"Мигранттарыбыз эмне кыларын билбей калышты. Алардын көбү рублдин арзандаганынан улам жумушсуз болууда. Көпчүлүгү жумушун таштап же такыр эле жабылып жатат. Биздин министрлер кабинети ага чара көрүшү керек. Көптөгөн курулуштарда, жумушчулар жетишпейт деп, вакансияларды жарыялагандар көп. Мамлекеттик органдар курулуш компаниялары менен бирге мигранттарды иш менен камсыз кылышы керек", - деди Шакиев.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5919