Нурсултан Назарбаев Түркияга келди. Украина менен Россиянын өкүлдөрү да келиши күтүлүүдө
RU

Нурсултан Назарбаев Түркияга келди. Украина менен Россиянын өкүлдөрү да келиши күтүлүүдө

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Казакстандын мурунку президенти Нурсултан Назарбаев дипломатиялык форумга катышуу үчүн Антальяга келди. Бул тууралуу Twitter'ге анын катчысы Айдос Укибай жазды.

Анын айтымында, Назарбаевди форумга Түркиянын президенти Реджеп Тайип Эрдоган чакырган. АлКазакстандын мурунку президенти менен жеке жолугушабы, белгисиз.

Андан тышкары, форумдун алкагында Украина менен Россиянын тышкы иштер министрлери Дмитрий Кулеба менен Сергей Лавровдун да жолугушуусу күтүлүүдө.

Нурсултан Назарбаев расмий түрдө коом алдына январдын соңунда чыккан. Анда башкаруучу "Нур Отан" партиясынын съездине катышкан болчу. Партия лидер деп Касым-Жомарт Токаевди тандап, бир айдан кийин аталышын өзгөрткөн.

Бул Казакстандын мурунку президентинин январь окуяларынан кийинки алгачкы чет элдик сапары.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5924