Жолдун ортосунда машинеси менен чимирилип, кайгуул кызматынан качып кеткен (видео)
RU

Жолдун ортосунда машинеси менен чимирилип, кайгуул кызматынан качып кеткен (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

3-февралда, Бишкектин 12-микрорайонунда жеңил унаанын айдоочусу машинесин чимирилтип оюн салган. Ал эми кайгуул кызматы аны токтотууга аракет кылганда, алардан качып жөнөгөн.

Кайгуул кызматынын басма-сөз бөлүмүнүн билдирүүсүнө ылайык, айдоочунун өздүгу аныкталып, жол эрежелерин бузуу боюнча бир нече протокол түзүлүп, жалпы суммасы 18 500 сомду түзгөн айып пул жазылды.

"Андан тышкары айдоочу менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, мындай фактыларды кайталоо болбой тургандыгы айтылды", - деп кайгуул кызматынын билдирүүсүндө жазылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/593