АКШ Россияга доллар жөнөтүүгө тыюу салды
RU

АКШ Россияга доллар жөнөтүүгө тыюу салды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бул чара Россиянын Украинадагы чабуулдарына байланыштуу санкцияларды күчөтүү максатында кабыл алынды. Ага ылайык, орус өкмөтүнө жана Россиянын аймагындагы бардык адамдарга доллар сатууга тыюу салынат. Ошондой эле америкалыктарга орус экономикасынын бардык тармактарына инвестиция салууга уруксат берилбейт.

Мындан тышкары Россиядан алкоголдук ичимдиктерди, деңиз азыктарын, табигый алмазды импорттоого да болбойт. Ак үй бул чектөөдөн улам Россия 1 миллиард доллардык кирешеден ажырай турганын билдирди.

Анын алдында президент Байден Россияга жаңы экономикалык чаралар киргизилип жатканын, Вашингтон Россиянын "соодадагы эң ыңгайлуу мамлекет" (PNTR ) макамынан ажырата турганын жарыялаган болчу.

Россия Украинага 24-февралда басып кирген. Мындан улам Батыш өлкөлөрү Москвага бир катар санкцияларды киргизди. Президент Владимир Путин орус экономикасы санкцияларга туруштук берерин айтып келет.

Маалымат azattyk.org сайтынан алынды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5947