Фарид Ниязовдун адвокаты: Анын атына президенттик аппараттан буйрук келди
RU

Фарид Ниязовдун адвокаты: Анын атына президенттик аппараттан буйрук келди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Фарид Ниязовду камакка алуу мөөнөтү дагы бир ирет узартылды. Ошол эле учурда, жарым жылда анын катышуусу менен бир дагы тергөө иш аракети жүргүзүлгөн эмес. Бул туурасында Kaktus.media редакциясына анын адвокаты Жаманкул Жунусов айтып берди.

Анын айтымында, 4-февралда Ниязовду сотко алып келишкен жок, себебин пандемияга жана эпидемиологиялык абалга байланыштырышты. Ошол эле учурда кой-таш окуялары боюнча сот отурумдарына аны алып келишет.

"Ал кезде санкция жөнүндө унутуп калышабы? Сотко алып келүу буйругу берилди, аны алып келишти, санкциялар эмне болду ошондо? СИЗОнун начальниги болгону буйрукту аткарып жатат, Ниязовду бирде алып келишет, бирде жок", - деп белгиледи адвокат.

Адвокат бир нече саат жакталуучусун сотко алып келишет деп күткөн. Бирок аны алып келишкен жок, натыйжасында ал сотко четтөө жазды. Жунусовдун пикири боюнча, Фарид Ниязов массалык баш аламандык уюштурган деп айыпталып, камакта отурган жалгыз адам.

"Анын күнөөсү жок, бирок президенттик аппараттан заказ бар", - деп кошумчалады Жунусов.

Президенттик аппараттын экс-жетекчиси Фарид Ниязовду 2020-жылдын 10-октябрында камакка алышкан. Аны 9-октябрда Ала-Тоо аянтындагы баш аламандыктарды уюштурган деп айыпташкан. Андан тышкары ал Кой-таш окуялары боюнча да айыпталууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/594