Өмүрбек Текебаев Германияда элчи кызматын кантип баштады
RU

Өмүрбек Текебаев Германияда элчи кызматын кантип баштады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандын Германиядагы жаңы элчиси Өмүрбек Текебаев элчилик миссиясын Берлинде жашаган кыргыз диаспорасынын лидерлери жана активисттери, ошондой эле "Кыргыз-немис маданий коомунун" өкүлдөрү менен жолугушуудан баштады.

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, бул жолугушуу 11-мартта элчиликте болгон.

"Элчи Өмүрбек Текебаев Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы саясий жана соода-экономикалык кызматташтыкты мындан ары активдештирүү, Кыргызстандын экономикасынын түрдүү тармактарына инвестиция тартуу жана өлкөлөр ортосундагы маданий-гуманитардык кызматташтыкты кеңейтүү боюнча иш-чараларга байланыштуу пландары жана идеялары менен бөлүштү. Элчи жолугушуунун зарылдыгын белгилеп, элчилик менен Германиядагы кыргыз диаспорасынын ортосундагы тыгыз кызматташтыкты улантуу, ошондой эле мекендештерди өлкөгө инвестицияларды, жаңы технологияларды тартууда жана туристтик потенциалды жайылтууда жигердүү жардам көрсөтүүнү улантууга чакырды", - деп билдирди Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5952