Беларуста өлүкканалар Украинада каза болгон орус аскерлеринин сөөгүнө толду
RU

Беларуста өлүкканалар Украинада каза болгон орус аскерлеринин сөөгүнө толду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жергиликтүү тургундар аскердик аракеттерден каза болгон орусиялык аскерлердин сөөгү алгач Беларустагы өлүкканаларга алынып келип, ал жактан Россияга учак же поезд менен ташылып жатканын "Азаттыктын" беларус кызматына кабарлашканын "Азаттыктын" кыргыз кызматы маалымдады.

"Өлүктөрдүн саны аябай көп. Мозырь станциясындагы жүргүнчүлөр поездге жүктөлүп жаткан сөөктөрдүн көптүгүн көрүп нес болушту", - деди Гомель облусундагы Мозырь шаарынын тургуну.

Башка күбөлөр да Гомель жана Наровеле облустарындагы өлүкканалар да аскерлердин сөөгүнө толуп жатканын айтышууда.

Каза тапкан же жарадар болгон орусиялык аскерлер тууралуу маалымат тараткан беларус дарыгерлерине кызматтан алынарын айтып эскертишүүдө.

Ушул убакытка чейин Россиянын бийлиги Украинада каза болгон орусиялык аскерлер тууралуу бир эле жолу маалымат берип, анда өлгөндөрдүн саны 500 чамалуу экени айтылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5955