Кыргызстанда бензиндин баасы арзандайбы? Рассмий жооп
RU

Кыргызстанда бензиндин баасы арзандайбы? Рассмий жооп

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстанда бензиндин запасы орто эсеп менен эки жумага жетет. Бирок, бул өлкөдө күйүүчү май калбай калат дегенди билдирбейт. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына КР Нефтетрейдерлер ассоциациясынын жетекчиси Канат Эшатов билдирди.

Анын айтымында, ар бир ишкананын ар кандай резервдери бар – "кээ бири эки жумага, башкасы 20 күнгө". Вагон-цистерналардын жетишсиздигинен республикага күйүүчү-майлоочу майлар чакан партиялар менен берилип жатат.

"Запастар толукталууда. Күйүүчү-майлоочу майлардын дизель тобуна келсек, запастар жазгы талаа иштерине да жетет. Аны январь айында кайра сатып алдык", - деди Эшатов.

Кыргызстандагы нефтетрейдерлер ассоциациясынын башчысы белгилегендей, азыр майда лоттордун баасы тынымсыз өсүп жатат. "Ички рынокто баалар төмөндөгөнүнө карабастан, бизге заводдордон жогорулатылган баалар менен беришет. Бирок, экспортко сатуу баасы төмөндөй элек", - деп жыйынтыктады Эшатов.

Бааны түшүрөбү, же жокпу, аны факты болгондон кийин гана айтууга болот.

Келечекте баалар россиялык нефтини кайра иштетүүчү заводдордогу көлөмдөрдүн көбөйүшүнө байланыштуу төмөндөшү мүмкүн экенин айтты. Бирок бул Кыргызстанга таасир этеби, же жокпу, азырынча белгисиз.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5962