Ысык-Көлдү сүзүп өткөн Владислав Шулико ислам динин кабыл алды (видео)
RU

Ысык-Көлдү сүзүп өткөн Владислав Шулико ислам динин кабыл алды (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандык сууда сүзүүчү, спорт чебери Владислав Шулико ислам динин кабыл алды. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына сууда сүзүүчү өзү билдирди.

Спортчунун айтымында, ал Ислам динин мурун эле кабыл алган.

"Мен көптөн бери ойлонуп, аң-сезимдүү жолго түштүм. Ислам динин бир ай мурун эле кабыл алгам. Туугандарым жакшы кабыл алып, жада калса өздөрү да ислам динин кабыл алууну каалап жатышат", - деди Шулико.

Сууда сүзүүчү социалдык тармактарда тараган видеого да комментарий берди.

"Кечээ мечитте бир жыйын болгон. Ал жерде отурганымды бирөө видеого тартып алыптыр. Ошондон кийин баары менин ислам динин кабыл алганымды билишти", - деп түшүндүрдү ал.

Эске салсак, былтыр 27-августта кыргызстандык сууда сүзүүчү Владислав Шулико Ысык-Көлдү сүзүп өткөн. Ал 181 км аралыкты сүзүп өтүү менен дүйнөлүк рекорд койду.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5965