"Чоңойгондо киесиз". Айыл чарба министрлиги Тилек Токтогазиевди чапан кийгизип узатты
RU

"Чоңойгондо киесиз". Айыл чарба министрлиги Тилек Токтогазиевди чапан кийгизип узатты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин жамааты өзүнүн мурунку жетекчиси Тилек Токтогазиев менен жылуу коштошту. Аны узатуунун фото жана видеолору менен Facebook баракчага ведомствонун пресс-катчысы Аселя Абыкеева бөлүштү.

"Кайсы эле айыл чарба министрин жалпы жамаат ушинтип узатып жатыптыр? Анын адискөйлүгүнө, ачыктыгына жана ойго келбеген стандарттуу эмес чечимдерине кайдыгер калуу мүмкүн эмес", - деп постуна жазган.

"Биз команда болдук, команда бойдон калабыз. Биздин бөлүм сизди жана сиздин саясатыңызды колдойт. Кыска убакытта 30 жылдан бери чечилбей келген көйгөйлөр чечилди", - деди жер жана суу ресурстары бөлүмүнүн кызматкери, Адилет Расулов.

"Жаштыгыңызга карабай, сиз бизге чоң дем бердиңиз. Биздин жаштарыбыз, көптөгөн жетекчилер сизден үлгу алса, деп ойлойм. Ушундай эмгекчил, өзүнүн жумушуна абдан берилген, жаштарыбыз көп болсо мамлекет чындап өнүгөт", - деген пикири менен укуктук бөлүмдүн кызматкери, Айжан Джакшылыкова бөлүштү.

"Кыргызстандын айыл чарбасына чындап күйгөн бирден-бир эр жигитсиз. Сиздин миссияңыз бул тармакты өнүктүрүү. Министр болбосоңуз да. Сиздин ушул миссияңызга ийгилик каалайм. Бул жактагы кыздар болуп, сизге суктанабыз. Ушундай татыктуу адам болуп жүрө бериңиз", - деди органикалык айыл чарба департаментинин кызматкери, Жанаркан Бакирова.

Иш чаранын соңунда айыл чарба өсүмдүктөрүнүн экспертизасы департаментинин директору Таалайбек Айдаралиев Токтогазиевге чапан жаап, калпак кийгизди.

Чапан өтө чоң болгондуктан Тилек Токтогазиев: "Чөгүп кетем го", - деп тамашалады.

Чогулгандардын бири жөн калбай, "Атайын ушундай кылып алдык. На вырост! (чоңойгондо киет)", - деп тамаша жооп кайтарышты.

Эске салсак, Токтогазиев 2020-жылдагы октябрь окуяларынан кийин айыл-чарба министри болуп дайындалган. Ал кезде Садыр Жапаров премьер-министр болгон. Бирок 2021-жылдын 10-январында, мөөнөтүнөн эрте өткөн президенттик шайлоодон кийин Жапаров президент болуп шайланып, премьер-министрлик кызматтан кеткен. 3-февралда Жогорку Кеңеш жаңы министрлер кабинетин бекитип, Улукбек Марипов премьер-министр болуп дайындалды. Ал эми айыл чарба министрлигин Аскарбек Джаныбеков жетектемей болду.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/597