Алымкадыр Бейшеналиев: Акрамовдун ысымын ооруканага эмес бир бөлүмгө ыйгаруу да татыксыз
RU

Алымкадыр Бейшеналиев: Акрамовдун ысымын ооруканага эмес бир бөлүмгө ыйгаруу да татыксыз

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев хирург Эрнис Акрамовдун ысымын бүтүндөй бир ооруканага эмес, атүгүл бир бөлүмгө ыйруу да татыксыз деп эсептейт. Бул тууралуу ал Улуттук госпиталдын травматология бөлүмүнүн ачылышында билдирди, деп жазат 24.kg агенттиги.

"Ал чындыгында лопух. Мен аны менен чогуу иштегем", - деген Саламаттыкты сактоо министрлигинин башчысы.

14-мартта Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев журналисттерге Чүй облустук ооруканасынын алдындагы Эрнст Акрамов атындагы институтту жапканын билдирди.

Министрдин айтымында, медициналык мекемеге жаңы башкы дарыгер дайындалды.

"Акрамов каякка барат билбейм, ал ал жерде иштебейт жашайт. Аны кууп чыгуунун кереги жок деп айттым. Мейли жашай берсин. Анткени анын жашай турчу жери, туугандары жок да", - деп жыйынтыктады Бейшеналиев.

Динара Аляева кыргыз элинин атынан президент Садыр Жапаровго кайрылды.

"Көрүнүктүү хирург, илимпоз, гуманист, медицина илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер Акрамов Эрнст Хашимовичтин сиңирген эмгегин эске алып, залкар окумуштуунун жана замандашыбыздын ысымы Чүй облустук ооруканасына ыйгарылсын", - деп айтылат маалыматта.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5987