Бишкекте таксинин кардары айдоочунун бетине тапанча такап коркуткан. Видео
RU

Бишкекте таксинин кардары айдоочунун бетине тапанча такап коркуткан. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте таксинин кардары айдоочунун тапанча менен коркуткан. Бул тууралуу Kaktus.kg редакциясына күбө болгондор айтып беришти.

Күбөнүн айтымында, бүгүн, 15-мартта, болжол менен саат 13:00до ал Ибраимов көчөсү менен жогору көздөй, Кулатов көчөсүнө баратып, эки эркек кишинин тирешип жатканын көргөн. Бири барсеткасынан тапанчасын чыгарып, экинчисинен бетине такаган.

Дагы бир күбө билдиргендей, ал дагы урушуп жаткан эки кишини көргөн. Бирөөсүнүн колунда тапанча бар экенин көрүп, жанына чуркап барган.

"Мен жанына басып бардым, башка балдар да келишти. Биз тапанча кармап турган кишини сабырдуу болууга чакырдык. Көрсө мас экен. Аны жеткирбейм деген таксистти коркутуп жатыптыр", - деп айтып берди.

Натыйжасында,

таксист кетип калды. Биз да тарап кеттик.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5988