МКК биометрикалык ID-картаны эки миллионунчу алуучуга берди
RU

МКК биометрикалык ID-картаны эки миллионунчу алуучуга берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

2021-жылдын 5-февралында Калкты тейлөө борбору-2де эки миллионунчу алуучу болуп саналган Бектур Алибаевге идентификациялык картаны салтанаттуу тапшыруу өткөрүлдү. Бул тууралуу МККнын пресс-кызматы маалымдады.

Бектурга паспортту жана белектерди Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары Тилек Батырканов тапшырды.

Бектур КТБга жаш курагы жеткендиги боюнча документтерин тариздетүү үчүн кайрылган, 17-февралда ал 17 жашка толот. Ал белгилеп кеткендей, кызмат көрсөтүүлөр тез жана өз маалында көрсөтүлгөн. Бектур үчүн бул күн маанилүү, анткени бул анын алгачкы паспорту.

Белгилей кетсек, электрондук ID-карталарды киргизүү Кыргызстанда 2017-жылдын 1-майында башталган. Долбоор KOICA (Korea International Cooperation Agency) менен биргеликте ишке ашырылган. Корея тараптан электрондук улуттук күбөлүктүн программалык камсыздоосу иштелип чыгарылган, сервердик жабдуулар жана 1,9 млн бланк берилген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/599