Төрөкан Жунусбеков MegaCom компаниясынын гендиректорунун кеңешчиси болгону тастыкталды
RU

Төрөкан Жунусбеков MegaCom компаниясынын гендиректорунун кеңешчиси болгону тастыкталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Альфа Телеком" ЖАК (MegaCom соода бренди) Төрөкан Жунусбеков компаниянын генералдык директорунун кеңешчиси болуп дайындалганын тастыктады.

7-декабрда компаниянын генералдык директору Акылбек Жамангулов Төрөкан Жунусбековду өзүнүн кеңешчиси кылып дайындап, тиешелүү буйрукка кол койду, деген маалымат пайда болгон.

Бирок Жунусбеков өзү бул маалымат боюнча Kaktus.media'га комментарий берип жатып, чындыкка дал келбегенин билдирди.

"Бул калп, мени эч жерге дайындашкан жок. Учурда мен Садыр Жапаровдун Талас облустук штабында иштеп жатам", - деп жооп берди.

MegaCom'дун басма сөз кызматы бул маалыматты тастыктап, Жунусбеков кеңешчи болгонун билдирди. Ошол эле учурда, компания Төрөкан Жунусбековдун функцияларына эмне иш кирет жана айлык маянасы канча боло турганын айтып бере алган жок.

Эске салсак, октябрдын соңунда Төрөкан Жунусбеков борбор шаардын мэри болуу аракетин көргөн. Ага чейин ал "Мекенчил" партиясынан депутаттыка талапкер болуп түрдүү митингдерге жана акцияларга активдүү катышып келген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/59