Бишкек менен Москвадагы азык-түлүктүн бааларын салыштырабыз. Кайсы жерде арзаныраак?
RU

Бишкек менен Москвадагы азык-түлүктүн бааларын салыштырабыз. Кайсы жерде арзаныраак?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Өткөн жылы Кыргызстанда азык-түлүккө болгон баалар кескин көтөрүлдү. Өзгөчө уйдун эти, суу май кымбаттаган. Ошол эле учурда, айлык акынын көлөмү өзгөргөн жок.

Азык-түлүккө баалардын көтөрүлүшү валютанын курсунун жогорулашы, саясий туруксуздук жана коронавирустук инфекциянын жайылышынан улам азык-түлүктү жеткирүүдөгү көйгөйлөргө байланыштуу.

Азык-түлүктүн кымбатташы башка өлкөлөрдө да байкалууда, анын ичинде Россияда дагы. Бирок Россиянын өкмөтү калкты колдоо максатында эң керектүу азыктарга бааларды тоңдуруп койду.

Kaktus.media'нын редакциясы Бишкектеги жана Москвадагы азык-түлүктүн бааларын салыштырды.

Борбор шаарлардагы баалар

Москва менен Бишкектеги жашоо деңгээлин салыштырып болбойт. 2020-жылдын жыйынтыгы менен Россиянын борбор шаарындагы орто айлык, сомго которгондо 60 000 сомго тете. Эгер Улуттук статкомдун берген маалыматына таяна турган болсок, бишкектиктердин орто айлыгы бул суммадан үч эсе төмөн - 20 000 сом.

Бирок бир топ азык-түлүк товарлары Москвада Бишкекке салыштырмалуу арзан. Мисалы тооктун эти, суу май, гречка, кумшекер, ун ж.б.

Азык түлүккө баалар кандайча өскөн

Акыркы 10 жылда Кыргызстанда азык-түлүккө болгон баалар 50%га жогорулаган. Эт, ун, нан, кесме жана картошканын баасы да көтөрүлдү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/602