"Кыргызча акцентим үчүн урушпагыла". Хакас аял аны кыргыз деп чаташтыргандар боюнча
RU

"Кыргызча акцентим үчүн урушпагыла". Хакас аял аны кыргыз деп чаташтыргандар боюнча

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Татьяна Абдина - бишкектик психолог. Ал 17 жыл мурун Хакасия Республикасынан Кыргызстанга келген. Анын кыргыз тилиндеги видеосу бардык социалдык тармактарга тарап, колдонуучулардын жакшы пикирлерин алды. Ал кыргызча акцент менен сүйлөгөнү үчүн урушпоону суранган.

"Мен кыргызга окшошмун, бирок улутум башка. Кыргызстанга биринчи келгенде бир да кыргызча сөздү билбей келгем. Азыр кыргыз тилин жакшы түшүнөм, бирок акцент менен сүйлөйм. Андыктан акцент менен сүйлөгөндөрдү урушпагыла сураныч. Балким алар кыргыздар эмес, хакас болуп калышы мүмкүн",- дейт ал видеодо.

Татьяна Абдина TikTok баракчасына киргизген видеосунун алдында комментарийлеринде анын акцентинен улам "киргиз" деп жазгандар көп болгон.

"Көпчүлүк кыргыздар менен хакас тилдерин окшош деп ойлошот. Бирок бул туура эмес түшүнүк", - деп кошумчалады ал.

Татьяна Абдина кыргызстандыкка турмушка чыккан, эки баласы бар.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6031