Айсулуу Тыныбекова машыктыруучусуна батир белек кылды
RU

Айсулуу Тыныбекова машыктыруучусуна батир белек кылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Дүйнөнүн эки жолку чемпиону, Олимп оюндарынын күмүш байгесинин ээси Айсулуу Тыныбекова машыктыруучусу Нурбек Изабековго Бишкектен бир бөлмөлүү батир белек кылды. Бул тууралуу спортчу тренердин жашоосун чагылдырган "Нурбек агай" тасмасынын бет ачарында билдирди.

"Биздин тренерибизге арналган "Нурбек агай" тасмасынын бет ачары болду. Тасманы алгачкылардан болуп көргөнүм үчүн кубанычтамын. Кыргызстандын көрүүчүлөрү да баа берет деп үмүттөнөм.

Нурбек агай - дүйнө жүзүндөгү эң мыкты тренерлердин бири. Ал өзүнүн жашоосун спорту жок элестете албайт, өзүн толугу менен шакирттерине арнайт. Бул кино анын ишинин сүйгөндүгү жана иши үчүн өзүн курмандыкка чалгандыгы тууралуу. Ал жеңүүчү. Мындай киши башкаларга үлгү болуш керек!

Мен Нурбек агайда машыгып жүргөнүмө 12 жыл болду. Бардык ийгиликтерим үчүн агайга милдеттүүмүн. Ал мени жөн гана спортсмен катары тарбиялабастан, инсан катары да калыптануума чоң таасирин тийгизген. Кыйналып турган чагымда, үйүнө алып келип жашаткан. Бүгүн, ыраазычылык катары агайга Бишкектеги батирдин ачкычын тапшырдым. Ал көп нерсеге татыктуу!" - деп Тыныбекова Instagram баракчасына жазган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6044