Айдоочу кайгуул кызматынын инспекторун машине менен сүйрөгөн. Видео
RU

Айдоочу кайгуул кызматынын инспекторун машине менен сүйрөгөн. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Белгисиз киши ГУМ соода борборунда бир кызды чаап, андан кийин Бишкектин кайгуул кызматынын инспекторун машинеси менен сүйрөгөн. Бул тууралуу Kaktus.kg'ге күч структураларынан билдиришти.

Алардын айтымында, 9-мартта ГУМда белгисиз эркек киши бир кызга кол салып, телефон менен сумкасын тартып алды, деген билдирүү милицияга келип түшкөн.

Окуя болгон жерге кайгуул кызматынын инспекторлору келип, жабыркаган кыздан болгондорду сурап, кол салган жигитке телефон чалып, кайра артка кел деп суран, деп айтышкан.

"Кол салган жигит чындап эле келди, бирок милиция кызматкерлерин көрүп, из жашырып кетүүнү чечкен. Машинени токтот деген буйрукка баш ийбей, инспекторду Honda Fit автомобилинин капотуна бир нече метрге чейин сүйрөгөн", - деп күч структураларынан айтып беришти.

Жабыркаган кыздын айтымында, телефонун тартып алган жигит мас болчу. Бийлик өкүлүнө баш ийбегендик фактысы катталып, шектелүүчүнүн өздүгү аныкталган. Ал буга чейин уурулук кылгандыгы үчүн соттолгон экен.

Ал бир топко чейин жашынып жүрүп, Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарындагы колонияга отметкага турганы келгенде кармалган. Ал Бишкектин убактылуу кармоочу жайына алынып келинген. Бирок Свердлов сотунун тергөөчүсү эмнегедир аны кое берген.

"Жабырлануучунун физикалык жаракат алганы тастыкталган, аны экспертиза далилдеп берген. Эмне үчүн судья мындай чечим кабыл алды, белгисиз", - деп күч структурасында иштегендер нааразы.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6065