Нурсултан Кубанов Балбак Түлөбаевдин кеңешчиси кызматынан кетти
RU

Нурсултан Кубанов Балбак Түлөбаевдин кеңешчиси кызматынан кетти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Нурсултан Кубанов жергиликтүу шайлоого катышуу үчүн Балбак Түлөбаевдин кеңешчиси кызматынан кетти. Бул тууралуу ал Kaktus.media'га билдирди.

Анын айтымында, ал кызматынан өткөн жумада кеткен, андан тышкары "Бир Бол" партиясынан да чыкты.

"Биз командабыз менен өзүбүздүн саясий партиябызды түзүп жатабыз, ал шаардык шайлоого катышып, Жогорку Кеңештин шайлоосуна да аттанат. Октябрь окуяларынан кийин көптөгөн сунуштар келди, бирок биз өз алдыбызча партия түзүп, өз алдынча болсок туура болот, деген чечимге келдик. Биздин артыбызда эч ким турган жок, деп баса белгилеп жана ишендирип кетким келет. Биз жаңы, прогрессивдүү жана көз карандысыз партия болобуз", - деди Кубанов.

Kaktus.media берген маегинде Бишкек шаардык кеңешке боло турган шайлоодо партиянын лидери өзү боло турганын белгиледи, бирок жаңы партия кандай атала турганынын айткан жок.

"Бул жакында түзүлө калган партия эмес. Ал эбак эле каттоодон өткөн, бирок шайлоого катыша элек. Бизге бул партияны өткөрүп беришти, ошонун атынан шайлоого катышабыз", - деди ал.

Эске салсак, Нурсултан Кубанов Perspective билим берүү борборунун негиздөөчүсү, ал билим берүү министри Гүлмира Кудайбердиеванын кеңешчиси болчу. Андан тышкары Жогорку Кеңештин шайлоосуна "Бир Бол" партиясынын атынан катышкан. 5-октярбрда каршылык митингине чыккан активисттердин катарында жүргөн. Октябрь окуяларынан кийин Бишкек шаарынын м.а. Балбак Түлөбаевдин кеңешчиси болуп дайындалган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/606