Норильск шаарынын башчысы Украинада каза болгон кыргызстандыктын үй-бүлөсүнө көңүл айтты
RU

Норильск шаарынын башчысы Украинада каза болгон кыргызстандыктын үй-бүлөсүнө көңүл айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Норильск шаарынын башчысы Дмитрий Карасев Украинада каза болгон кыргызстандык Эгемберди Дорбоевдин жакындарына көңүл айтты. Бул билдирүүнү Дмитрий Карасев өзүнүн Telegram каналында жарыялады.

"Ал Норильск шаарына жакында эле келип, 2021-жылдын күзүндө армияга чакырылган. Келишим түзүп, Белгород облусунда өзүнчө чалгындоо батальонунда кызмат өтөгөн. Бул окуя Эгембердинин үй-бүлөсү, анын достору жана туугандары үчүн орду толгус жоготуу. Ал шайыр жана абдан боорукер жигит эле. Үй-бүлөлүк баалуулуктар анын жашоосунда негизги нерсе болгон. Ал апасына дайыма жардам берип, колунан келишинче кам көрчү. Достору аны чыныгы дос жана ар дайым колунан келген жардамын берүүгө даяр болгон бала экенин айтышат.

Анын жаркын элеси аны тааныгандардын бардыгынын жүрөгүндө түбөлүккө сакталат", - деп жазган Карасев.

Эске салсак, 8-март күнү, Украинада Россия Федерациясынын Куралдуу күчтөрүнүн катардагы келишимдик аскер, Россиянын жараны, кыргызстандык Дорбоев Эгемберди Бекказымович каза болгон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6080