Садыр Жапаров Кочкордо темир жолдун курулушу башталганын билдирди (видео)
RU

Садыр Жапаров Кочкордо темир жолдун курулушу башталганын билдирди (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президент Садыр Жапаров Фейсбук баракчасында Балыкчы-Кочкор-Кара-Кече темир жолунун курулушу башталганын билдирди.

Анын айтымында, курулуш бир-эки жылда бүтөт. Балыкчы, Кочкор жана Кара-Кече темир жол аркылуу байланышат.

"Кудай буюрса, өз күчүбүз менен Балыкчы-Кочкор-Кара-Кече темир жолун кура баштадык. 1-2 жылда Кочкорго жетип, андан ары Кара-Кечеге кирип барабыз. 30 жыл ичинде республикабызда бир метр темир жол курмак түгүл, тескерисинче 42 километр жолубузду жоготуптурбуз. Албетте өкүнүчтүү. Эми кайра узарта баштадык. Келечекте Кара-Кечеден ары Макмалга жана Жалал-Абадка жеткирип, бириктиребиз. Ошентип, түндүк-түштүк темир жолун ачабыз",- деп жазган ал.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6096